Пример HTML-страницы

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда «Фольксваген Пассат» өрттөнүп кетти. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарында «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп кетти.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кырсык 2023-жылдын 4-февралында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 71-чакырымда катталган.

Өрт өчүрүүчүлөргө Дунларов көпүрөсүнүн жанында «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаа күйүп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Жерине Токмок шаардык №21 ӨККБдан 1 өздүк курам тартылган. Өрт саат 08:15те толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен унаа толугу менен күйүп кеткен. Жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE