Пример HTML-страницы

Баткенде белине ок тийип баспай калган Курсаналы темир устачылык кылып үй-бүлөсүн багып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Бужум айылында чоңойгон 29 жаштагы Курсаналы Бакыев 5-6 жылдан бери темир буюмдарды жасап эмгектенет. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 2021-жылы Тажикстандын куралдуу кол салуусунда жабыркап, акыркы 3 жылдан бери 2 буту баспай калган. Омуртка сөөгүнө ок тийип, айылдаштары акча чогултуп, чет өлкөгө операцияга жиберишкен. Андан натыйжа болгон эмес. Бирок Курсаналы Бакыев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай устачылык өнөрүн улантып келет. Интернеттен темир эмеректерине буйрутма алып, киреше таап үй-бүлөсүн багууда.

Учурда ден соолугуна байланыштуу айылдан Бишкек шаарына көчүп келген. Үй-бүлөдө 3 уулдун чоңу болгондуктан, ата-энесинен үй-бүлөсү менен бөлүнүп чыккан. Бирок атайын турак жай жоктугунан ижарада көчүп конуп батирлерде турушат.

«Устачылыкты аркалаганыма 5-6 жыл болуп калды. Атамдан үйрөнгөм. Дарбазалар, кол арабалар, шаймандар деги эле темирден эмне жасалса баарына буйрутма алабыз. Бир дарбазаны 4-5 бала болуп 1 жумада даяр кылабыз. Буйрутма ар жактан түшөт. Ушу арабада олтуруп эле жасай берем. Киреше ар кандай. Бир дарбазанын баасы 30 миң сомдон 50-60 миң сомго чейин жетет. Жөлөк пулду күткөн менен пайда жок. 11 миң сом мамлекет тарабынан чегерилген. Ал бир үй-бүлөнүн каржысын толуктай албайт», — деди ал.

Курсаналы уста унаа айдап, кээде таксист болуп да иштейт. Унаасын бут ордуна кол менен башкарат. Жакындары жаш үй-бүлө үчүн мамлекет тарабынан батир берилип калса, тиричилигин өздөрү эптеп кетмек дешет.

Уста 2 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE