Пример HTML-страницы

Өлгөн малдын этин жүктөп, Төө-Ашуу багытында бара жаткандар кармалган. Министр окуя качан болгонун айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 22-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунда айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков катышкан жыйын өттү. Жыйынга айыл чарба жаатындагы адистер, айыл өкмөт башчылар, дыйкан-фермерлер катышты.

Жыйында министр Жаныбеков айыл чарба багытында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди.

«Биринчиден, жазгы талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүү үчүн үрөн керек. Үрөн менен камсыздоо быйылкы жыл абдан жогорку деңгээлде. Эгерде Ош облусун ала турган болсок, үрөндөр 80%дан көп камсыздалган. Андан тышкары Россиядан келген үрөндөрдү бул жакка ташып келе жатабыз. Негизи үрөн боюнча эч кандай көйгөй болбойт.

Андан кийинкиси күйүүчү-майлоочу майлар. Дизелдик отун май куюучу жайларда 74-75 сом болуп жатса, дыйкандарга 65 сомдон ташылып келип жатат. Албетте, 100 пайыз камсыздай албайбыз, бирок кайрылууларга жараша келип жатат.

Айыл чарба техникалары — тракторлор, комбайндар, бул боюнча да 6 пайыз үстөк менен 7 жылдан 10 жылга чейин баштапкы төлөмү 10 пайыздан берилип жатат. Албетте, тескеме менен кабыл алынды. Банктарга каражат ушул жума ичи түшөт. Ал акчалар эки долбоор менен берилип жатат. Биринчиси, айыл чарбасына жеңилдетилген насыя — 3 млрд сом акча жана класстерлерди колдоо боюнча, же болбосо агро өнөр-жай комплексин өнүктүрүү долбоору бар. Класстерлерге түздөн-түз багытталган, бул долбоорго дагы 3 млрд сом каралган. Жыл ичинде дагы кошумча каражаттар берилет», — деди ал.

Ошондой эле министр пиязды экспорттоого болгон чектөө дагы деле бар экенин айтты.

«Пиязды экспорттоого болгон чектөө алына элек. Анткени Кыргызстанда өзүбүздүн ички керектөөбүзгө 80 миң тонна пияз керектелет. 2022-жылы 190-200 миң тонна пияз өндүрүлдү. Бүгүнкү күндө пияз сактоочу жайлардын баарына мониторинг жүргүзүлүп жатат. Биз жума күнү чектөөнү алабыз деп даярдык көрүп жатабыз.

Тамак-аш коопсуздугу боюнча президенттин берген тапшырмасын аткарабыз. Былтыркы 2022-жылкы көрсөткүчтөр менен таанышкансыздар. Биз 3 түрү менен өзүбүздүн керектөөдөн ашык өндүрөбүз. Быйылкы жылы өзүбүздү өзүбүз камсыз кылган азык-түлүктөрдүн катары толукталат. Негизи 2026-жылга чейин 7 түр менен өзүбүздү толук камсыз кылып баштайбыз», — деди министр.

Жаныбеков өлүк малдардын эти боюнча факты былтыркы жылы болгонун, ал боюнча текшерүүлөр жүрүп, айрым компаниялар жабылганын билдирди.

«Бул факты былтыркы жылы болгон. Ветеринария кызматынын кызматкерлери бул боюнча иш алып барган. Лабораторияда өлүк малдын эти экени тастыкталган. Ал боюнча тескөө органдарына берилген. Ал ишканалар жабылган. Тоннасы боюнча маалымат бере албайм. Ал этти жүктөп алып, Төө-Ашуу багыты боюнча жол тартышкан.

Ошондой эле буга чейин Россияга кирип жаткан балыктын курамында антибиотик табылып, Кыргызстандын чыккан балыктарга чектөө коюлган. Ошол чектөө коюлган күндө балык жүктөгөн 10 фура турат. Учурда аларды Россияга киргизүү боюнча иш алып барып жатабыз. Ошондой эле Кыргызстандагы балык чарбаларды текшерип, ошонун жыйынтыгы боюнча иш алып барылат.

Бал биздеги потенциалы жогору болгон продукциялардын бири. Кээ бир ташылып жактан балдарда антибиотик бар экени лабораториялык изилдөөлөр көрсөтүлүп жатат. Балчылык менен иш кылгандар, ошол талаптарга ылайык иш алып барыш керек. Себеби четке чыгарууга чектөө коюлуп калууда», — деди Жаныбеков.

Министр аталган жыйында аймактарда талапка жооп бербеген мал союучу жайлар жабылып жатканын айткан.

«Мал союучу жайларды жабуу фактысы Кара-Сууда, Нарында, Чүйдө да болду. Биз өлүк малдын этин тоңдуруп алып, түштүк тарапка келе жаткан оор жүк ташуучу унааны кармадык. Ал этти лабораториядан текшерсе, өлгөн малдын эти экени маалым болду. Өлгөн малдын эти Беккари чуңкуруна көмүлүшү керек», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE