Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда 10 күндө 69 мас айдоочу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда 10 күндүн ичинде мас абалында унаа башкарган 69 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, облус аймагында 4-февралдан 14-февралга чейинки аралыкта «Бахус» аталышындагы рейд өттү. Бир аптада облус аймагында жол эрежеси бузулган 3008 факты катталды.

Анын ичинен:

— мас абалда унаа башкарган 69 айдоочу;

— унаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан 6 айдоочу;

— тиешелүү документтери жок унаа башкарган 57 айдоочу;

— ылдамдыкты ашырып айдаган 901 айдоочу аныкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE