Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө жаш дарыгерлердин айлык маянасы 9-10 миң сомду түзөрү айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда 173 дарыгер жетишсиз болууда. Бул тууралуу облустук коллегияда белгилүү болду.

Маалыматка караганда, дарыгерлерге болгон муктаждык Каракол жана Балыкчы шаарларында көп болууда.

Медицина тармагы боюнча маалымат берген Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координаторунун милдетин аткаруучу Жаңыл Акуновнанын айтымында, баары айлык маянага барып такалууда.

«Бизде үй-бүлөлүк жана реаниматологдор жетишсиз болууда. Негизи жер-жерлерге жаш кадрларды алып келгенибиз менен кайра эле кетип калып жатышат. Анткени айлыгы 9-10 миң сомдон ашпайт. Ошондуктан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөттөр дарыгерлердин айлыгын көтөрүүгө жардам беришсе», — дейт ал.

А.Касымалиев дарыгерлердин айлыгы көтөрүлүгүчө канча сом болгонуна кызыкты. Анда залдагы катышуучулар 5 миң сом болгонун айтты. Мындан улам Министрлер Кабинетинин төрөгасынын биринчи орун басары А.Касымалиев жер-жерлерде бийлик өкүлдөрүн колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Айнура Султанбаева медицина тармагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

«Облус көптөн бери муктаж болуп жаткан компьютердик томография 30 млн сомго алынды. Аны менен катар 5 медициналык борборго стационардык жана мобилдик рентген аппараттары келди. Каракол шаарына 14 млн 800 сомго ПЦР лабораториясы курулду», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE