Пример HTML-страницы

Тоңдук Сымбат заманбап өнөрдү өздөштүрүп, үйдө отуруп акча табууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң айылынын 24 жаштагы тургуну Нурлан кызы Сымбат кол өнөрчүлүктүн резин-арт (Resin Art) түрү менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен Тоң районунун Шор-Булак айылында жарык дүйнөгө келгем. 2014-жылы 9-классты аяктап, Бишкек шаарындагы №20 кесиптик лицейинин дары-дармек каражаттарын даярдоочу факультетинде билим алгам. Көп өтпөй, Ак-Өлөң айылына келин болуп келдим, учурда ушул эле жерде жашайбыз.

Кол өнөрчүлүк менен 3 жылдан бери алектенем, 2 жыл гүл жасап иштедим. Азыркы тапта резин-арт аркылуу идиш жасайм. Бул өнөрдү социалдык тармактардын биринен көрүп калып, жактырып иштеп баштагам. Ар кандай түстөгү эпоксиддик чайырлар жана кошулмалардан сааттарды, сүрөттөрдү жана идиштерди жасайбыз», — деди ал.

Каарманыбыз өз колу менен жасаган эмгектери канча сомго бааланарын айтты.

«Керектүү материалдарды Бишкек шаарынан алдырам. Алгач коопсуздук үчүн кол кап, маска жана фартук тагынабыз. Резин-арттан жасалган бир буюм жасалышына жараша 3 күнгө чейин даяр болот.

Мисалы, идишти ала турган болсок, жасоого 1 жарым саат убакыт керектелет. Ал кургап, даяр болгуча 1 сутка убакыт кетет. Мисалы, 3 кабаттуу конфет табактардын (конфетница) баасы 2 миң сомдон башталат. Ал эми сааттар көлөмүнө жараша 1500 сомдон башталат. Бизде буюртма бергендер көп, бирок өзүбүз окуп билгибиз келет деген айымдар басымдуулук кылат. Мындан сырткары үйдө бычып тигүү менен алектенем. Балдарыма жана жакындарыма өз колум менен кийим тигип бергенди жактырам. Айта кетчү нерсе, мен жалгыз иштебейм, бир тууган абысыным экөөбүз иш алып барабыз. Бирибизге бирибиз колдоо жана түрткү берип, экөөбүз чогуу иштейбиз.

Келечектеги максатым — үйдө отурган айымдарга мотивация берүү. Үйдө жөн отурбастан буюмдарга заказ алып, алдыга умтулуп, ийгиликтерди багындырганын каалайм», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE