Пример HTML-страницы

Сузакта Ооган согушунда курман болгондорду эскеришти

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 15-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда советтик жоокерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 34 жылдыгы белгиленип, кан майданда курман болгон жоокерлерге куран окулду.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Баратбек Сыдыкназаров, Ооган согушунун ардагерлери, каза болгон жоокерлердин жакындары катышты. Облус башчысы согуш ардагерлерине мамлекет тарабынан ар дайым колдоо көрсөтүлүп келе жатканын белгиледи.

Ооганстандагы согушта советтик жоокерлер өздөрүнүн интернационалдык милдетин дээрлик 10 жыл аткарышкан. Ага Жалал-Абад облусунан эки миңге жакын жоокер катышкан. Азыркы учурда облуста 900дөн ашуун согуш ардагери, майыптык алган 15 катышуучу бар.

Бул жылы президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан Ооган согушунда жараат алган, курман болгон жоокерлердин жакындарын материалдык колдоо максатында 70 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE