Пример HTML-страницы

Россияда кыргызстандык айдоочу күтүүсүз кырсыкка кабылып, чет өлкөлүк жаран жан берген. Ал окуя тууралуу айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushРоссиянын Иланск шаарында кыргызстандык айдоочу башкарган унаа кырсыкка кабылып, адам өмүрү кыйылган. Айдоочу соттун чечими менен пробациялык көзөмөлгө алынды.

Айыпталуучу Талгар (аты өзгөртүлдү, Б.Т.У.) 1988-жылдын 1-октябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган, үй-бүлөлүү, 4 баласы бар. Мурда соттолгон эмес. Жалал-Абад шаарынын Пригородный кичи районунда жашайт.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) 3-бөлүгү (өзгөчө оор залал келтирүү) менен айып тагылып, баш коргоо чарасы катары башка жакка кетпөө тууралуу тил кат түрү тандалып алынган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Талгар 2017-жылдын 12-сентябрында саат 01:30 чамасында Нижний Ингаш кичи шаарчасынан Иланск шаарына карай бара жатып, «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаасын башкара албай, жол жээгине чыгып, арыкка түшүп, автоунаа оодарылып кеткен. Анын кесепетинен аталган унаада жүргүнчү катары бара жаткан Азербейжан Республикасынын 1968-жылы туулган жараны Н.Р.Г.оглы окуя болгон жерде алган жараатынан улам каза болгон. Ал эми Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну — 1982-жылы туулган Т.Н.Б. денесинен оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Сот отурумунда айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Анын айтымында, 2017-жылдын 12-сентябрында Ингаш кичи шаарчасынан «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып, кырсыкка учураган. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келип, андан кийин аны Красноярск шаардык ооруканасына которушкан. Ал жерде денесинин оң тарабына колунан башына чейин операция жасалган.

Кырсыктан Азербейжадын жараны каза болуп, Ысык-Көл облусунун тургуну жабыркаган. Ал ооруканадан чыккандан кийин акча каражаты түгөнүп калгандыгына байланыштуу Кыргызстанга келе берген. Бул жерден дарыланып, кайра Россияга барайын десе, кара тизмеге кирип калгандыктан бара алган эмес. Полиция кызматкерлеринен качпагандыгын, жабырлануучуларга кеткен чыгымдарын толугу менен төлөп бергенин, бүгүнкү күндө жабырлануучулар менен өз ара элдешип, тосмо арыз жана макулдашуу келишимдерин түзгөнүн көрсөтүп, жеңил жаза берүүнү суранды.

Аталган жол кырсыктан жабыркаган тургун учурда Ысык-Көл облусунда жашагандыгына байланыштуу сот отурумуна келүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Ал айыпталуучу менен макулдашууга келишкенин, айыпталуучуга эч кандай доосу жок экендигин билдирип, ишти кыскартып берүүнү суранган. Анын мыйзамдуу өкүлү сот отурмуна келди.

Жыйынтыгында Жалал-Абад шаардык сотунун 2022-жылдын 13-декабрдагы өкүмү менен айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 1 жылдык мөөнөткө автомототранспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратуу менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылды. Сот Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде айыпталуучуну 1 жыл пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен чектелген жазадан бошотту.

Анын айдоочулук күбөлүгү «Унаа» мамлекеттик ишканасына кайтарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE