Пример HTML-страницы

Ошто унаа жана жер алууну көздөгөн тургундар 1,5 млн сомунан кол жууган

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн Амир-Темур милиция бөлүмчөсүнүн аймактык тескөөчүлөрү издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алдамчылыкка шектүү — Амир-Темур кичи шаарчасынын 1983-жылы туулган тургуну А.О. мурда адам тоногону, карактаганы үчүн соттолуп чыккан. Ал бир нече адамга «Чет өлкөдөн унаа айдап, алып келем» деп ири суммадагы акчаларын алып, изин жашырып кеткен. Андан сырткары «Үй салууга жер алып берем» деп сүйлөшүп, бир нече жердештерин дагы алдаган. Анын үстүнөн жалпы 8 жаран арыз жазды. Алардын ичинен 5 адамга унаа убадаласа, 3 жаранга жер убадалаган. Жабырлануучулардан 5 миӊ доллардан 8 миӊ долларга чейин акча алган. Жарандарга келтирген чыгым — 1,5 миллион сомдон ашык.

«Бүгүнкү күндө шектүү башка жарандардын унааларын ижарага алып, сатып жибергендиги тууралуу маалыматтар аныкталууда. Шектүү 5-декабрда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Аталган жарандан жабыркагандар Ак-Буура милиция бөлүмүнүн Амир-Темур милиция бөлүмчөсүнө 0553-01-70-17, 0222-6-64-12 телефон номурлары аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE