Пример HTML-страницы

Нарында 4 милиция кызматкерин ардактуу эс алууга узатышты. Алар кимдер? (тизме)

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облустук ички иштер башкармалыгынын 4 кызматкери салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узатылды. Бул тууралууу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага Нарын ОИИБдин башчысы Алмазбек Жумабеков жана өздүк курам катышты.

Анда ардактуу эс алууга узап жаткандардын ички иштер органдарында узак жылдар бою кызмат өтөп, үзүрлүү эмгектенгендиктери жана жетишкендиктери баса белгиленди. Андан соң аларга белектер тапшырылып, сый тамак уюштурулду.

Ардактуу эс алууга чыккандар:

— Нарын облустук ички иштер башкармылыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Айсаналиев Кеңешбек Жекшенович;

— Нарын облустук ички иштер башкармылыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыйгарымдуу опер кызматкери, милициянын подполковниги Жапаров Мирлан Муратбекович;

— Кыргыз Республиксынынын ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Нарын облусу боюнча атайын операциялык отрядынын командиринин орун басары, милициянын майору Бообеков Нурбек Торубаевич;

— Нарын облустук ички иштер башкармылыгынын финансы чарба бөлүмүнүн эсепчиси Өмүралиева Асылбүбү Молдалиевна.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE