Пример HTML-страницы

Кочкор районунда Улуу Ата Мекендик согушта шейит кеткендер эскерилди. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунда Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы белгиленип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алгач Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн көтөргөн тургундар «Өлбөс полк» жүрүшүн жасашты.

Майрамдык салтанатка район тургундары, тылдын ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, өчпөс отко гүлчамбар коюлду. Ошондой эле, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта шейит кеткен ата-бабалар эскерилди.

Эскерүү мүнөтү жарыяланып, куран окулду.

Майрамдык салтанат концерттик программа менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE