Пример HTML-страницы

Каракол шаарында үй тибиндеги 3 бала бакча иштей баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарында үй тибиндеги 3 бала бакча иштей баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, дагы 4 бала бакча ачылуу алдында турат. Бала бакчалардын акысы 1 балага айына 5 миң сомдон жогору турат. Баалар мекеменин шартына, кошумча окууларга (логопед, тил, чыгармачылык) жараша коюлууда.

«Министрлер кабинетинин үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу тууралуу токтомунун негизинде Каракол шаарында атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ага бардык кызматтын өкүлдөрү кирген. Эл арасында үйүндө бакча ачууну каалагандар болсо ачса болот деген маалымат берүү иш-чарасы өттү. Анын жыйынтыгында 3 бала бакча ачылып, 4 бакча ачылуу алдында турат. Бул талапкерлер ар бир кызматтын окуусунан өтүшөт. Биринчи эле билим берүү бөлүмү окутуп, сертификат алышат. Бүгүнкү күндө 14 кандидат сертификат алышты», — деди шаардын вице-мэри Гүлназ Орозова.

Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Фатима Мадатбекова бала бакча ачкан ишкерлерге салык төлөөдөгү жеңилдиктер бар экенин айтты.

Учурда Каракол шаарында мектепке чейинки билим берүүчү 16 мекеме жана ведомстволук 2 бала бакча бар. Аларда 4286 бала тарбиялат. Андан сырткары 17 жеке менчик бала бакча катталган. Учурда бала бакчаларга 1200 бала электрондук кезек күтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE