Пример HTML-страницы

Кара-Балта шаарында көмүргө толгон канализация түнү менен тазаланды. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Балта шаарында көмүргө толгон канализация тармагы иштебей калган.

Суу канализациясынын кызматкерлери түнү бою канализацияны калыбына келтиришти.

Өзгөчө кырдаал тууралуу билдирүү 5-февраль күнү саат 23:00дө келип түшүп, анда төмөнкү сейил бактын аймагында канализация бүтүп, суу агып жаткандыгы айтылган.

Жерине атайын техникалар тартылды.

«Жумушту эртең менен гана бүтүрдүк. Канализацияны тазалоого 7-8 саат убакты кетти. Мындай жагдай дааратканага тиричилик таштандыларын ыргытуудан улам пайда болот. Кээ бир жарандарыбыз коммуналдык тармактарга кайдыгерсиз мамиле жасашат.

Канализациялар бүтөлгөн сайын тиричилик таштандыларын, малдын ичеги-карындарын, жаныбарлардын тарптарын алып чыккан учурлар болгон. Бул жолу авариялык абал канализацияга көмүр ташын ыргыткан жарандардын айынан болду», — дейт «Суу-канал» ишканасынын директору Тимур Молдокулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE