Пример HTML-страницы

Баткен шаарында тез татым жайлары жана чач тарачканалар текшерилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарында тез татым жайлары жана чач тарачканаларга рейд жүргүзүлүп, санитардык талаптарга жооп бербеген 7 түйүнгө эскертүү берилди. Бул тууралуу шаардык кеңешмеде Баткен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери билдиришти.

Маалыматка караганда, шаарда жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында тез татым, чач тарачканалар текшерилди. Анын жыйынтыгында 7 түйүнгө эскертүү берилип, кемчиликтерди четтетүү милдеттендирилди. Эгерде сунуштар берилген мөөнөтүндө аткарылбаса, айып пул салынары эскертилип, санитардык милдеттенмелер берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE