Пример HTML-страницы

Ак-Суунун Ак-Булак айылындагы алдыңкы окуучулар стипендия алып, футболдо мелдешишти

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Булак айылында жайгашкан Б.Мамытов атындагы орто мектебинде футбол турнири өттү. Иш-чара Ооган согушунун ардагери Шаршенбек Байсеркеевдин жаркын элесине арналып, анын үй-бүлөсү тарабынан окуучулар арасында уюштурулган.

Бул саамалыкка Ооган согушунун 6 ардагери күбө болду.

Ошондой эле Байсеркеевдин үй-бүлөсүнүн атынан алдыңкы 20 окуучуга акчалай стипендия тапшырылды. Көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына дагы белекке жардам катары бут кийимдер берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE