Пример HTML-страницы

Жумгалда айыл өкмөттөрдүн санын эки эсеге кыскартып, айыл башчыларын көбөйтүү пландалууда. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча жыйын өттү.

Жыйынга айыл өкмөттүн кызматкерлери, айыл башчылары, депутаттар жана муниципалдык кызматтын адистери, ошондой эле айылдын аксакалдары катышты.

Акимдин орун басары Фатима Өмүралиеванын айтымында, аймактар ирилештирилип, 13 айыл өкмөт 6 айыл өкмөткө бириктирилет. Алар: Жумгал, Чоң-Дөбө, Жаңы-Арык, Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Байзак, Баш-Кууганды, Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой, Миң-Куш, Кабак айыл өкмөттөрү.

«Учурда 13 айыл өкмөттө жалпы 174 кызматкер иштейт. Биригүүдөн соң, 68 кызматкер калып, 106 кызматкер кыскарат. Ошондой эле жергиликтүү кеңештердин 163 депутаттары дагы кыскарат. Биригүүдөн соң 106сы калып, 57 депутат кыскарат. Андан тышкары айыл башчылардын саны көбөйөт. Учурда 15 айыл башчы болсо, алардын саны 24кө көбөйүп, 9 айыл башчы кошулат», — деди ал.

Чаек айылдык кеңешинин депутаты Барчынбек Орозобеков бул долбоор мыйзамга такалып, дыкааттык жазылышы керектигин айтты.

«Айылдык кеңеш качан таркайт, айылдык кеңештин аймагы өзгөргөндө таркайт. Бирок азыр 13 айыл өкмөттүн аймагы өзгөргөнү жатат. 13 кеңешти сактап калуунун өзү туурабы. Экинчиден, президенттин буйругу менен 9-апрелде Чаек менен Көк-Ой айылдык кеңештеринде шайлоо өтмөй болду. Кызыл-Жылдыз, Көк-Ойду Чаекке кошуп жатасыңар. Алардын айыл башчыларынын айлыктарын биз төлөйбүз. Эми берки эки айылдан акча талашабызбы.

Долбоорду ошол мыйзамга такап туруп, жазыш керек. Бириккен соң 6 айылдык кеңешке кайра шайлоо жүрүшү керек», — деди ал.

Акимдин орун басары Фатима Өмүралиева долбоор азыр сунушталып жатканын, дагы өзгөрүүлөр болорун белгиледи.

Район аймагында жалпы 13 айыл аймак, 30 айыл бар. Калктын саны — 51 441. Жалпы жайыт аянт — 209 га. Айдоо аянты — 18,5 га.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE