Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда небересин бала бакчага узаткан чоң эне үйүнүн жанынан жансыз дене тапкан

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында өзбекстандык жаран мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнүн чоо-жайы белгилүү болду.

Айыпталуучу Керим (аты өзгөртүлдү, К.С.А.) 1978-жылы Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун Худжобад районунда туулган, орто билимдүү, үй-бүлөлүү, убактылуу иштебейт, мурда соттолгон эмес, Өзбекстан Республикасынын жараны.

Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, кылмыш ишке себеп болгон окуя 2022-жылы 22-майда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында болгон. Керим устачылык кылып иштеп жатканда саат 22:30 чамасында Мирбек (аты өзгөртүлдү, М.Ч.Т.) телефон чалып, тандыр келип калганын айтып, аны түшүрүшүп коюуну суранган. Керим макул болуп, өзүнүн 3 уста шеригин ээрчитип, айтылган дарекке барган. Ал жерде мурунтан ошол жерде керектүү жумуштарды жасап, жашап жүргөн Өзбекстандын 1976-жылы туулган жараны Амир (аты өзгөртүлдү, Б.А.М) Керимдин шериги менен сөз талашып, кайым айтыша кеткен. Керим Амирди бетине урганда жерге жатып калганына карабай, кабыргаларына алмак-салмак тепкилеген. Ал Амир жерге жатып, кыймылдабай калганынан пайдаланып, колуна толо келген таш алып, башынын арка тарабына, бетине жана жаактарына таш менен урган. Анын кесепетинен Амир жерде жаткан абалда каза болуп калган.

Соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Анын айтымында, ошол күнү дарбазадан сыртка чыккан учурда шериги менен Амир тартышып жатканын көрүп, Амирден эмне болгонун сураган. Ал шеригине «тамеки таап бер» деп айтып жатканын, «тамеки жок деген» учурда «анда пул бер» деп сураганын уккан. Шериги акча жок экенин айтканда Амир шымынын чөнтөгүнө колун салган учурда ал бычагын чыгарат деп ойлоп, бетине уруп жиберген. Ал жерге жыгылып калгандан кийин эмне кылганын билбей калган.

Керимдин көрсөтмөсү боюнча, Амир мурда акча сураганда 50-100 сом берип турган. Ал акча бербей калган учурда Амир бычагын көтөрүп алып, «сенин жашооң менин колумда» деп айткан. «Мурда дагы көп сойгонмун» дегенден коркуп кеткен. Өлтүрөм деген ниети жок болгон. Окуядан кийин үйүнө барып, уктап калган. Эртеси эртең менен барганда Амир жерде жатканын көргөн. Амирди уруп, эки жолу тепкен. Бирок таш менен урганын билбейт. Кийинчерээк тез жардам кызматы жана милиция кызматкерлери келген.

Ал Өзбекстандагы үйүндө карыган энеси, аялы жана жалгыз кызы калганын, алардын тамак-ашын өзү жалгыз камсыздап турганын көрсөтүп, жеңил жаза берүүнү суранды.

Сотто жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү — Амир иштеп жүргөн үйдүн ээси Мирбек көрсөтмө берди. Анын айтымында, Амир үйүндө мал чарбаны карашып, жардамдашып, жашап жүргөн. Бирок арак көп ичип, уруш жаңжалга жакын болуп, бычагын дайыма жанында алып жүрчү. Паспорту жок болгондуктан Өзбекстанга жөнөтө албай жүргөн. Акыркы убакта бычактын мизинде эле жүрүп калган.

Кылмыш иши болгонго чейин бирөө телефон чалып, «Амир бирөөнү союп койду» деп айткан. Окуя болгон жерге барганда Амир итти союп койгонун айтышкан. Иттин ээси Амирди уруп баштаганда ага жоопкерчиликке тартыларын айтканда токтоп калган. Милицияга арыз жазылган эмес. Андан кийин жашоочулар да Амирдин үстүнөн «уруп койду» деп даттанышкан.

Телефон чалган адам Амир жерде жатканын кабарлаган. Бул учурда өзү Бишкек шаарында болгон. Дароо тез жардам жана милиция чакырылган. Ал каза болгондо Өзбекстандагы бир тууган агасына чалып айтканда, ал келе алган эмес. Кайра өзү чалып, «биз сиздерге ишенебиз, ошол жакта жерге берип, көмүп коюңуздар деп айткан. Амирдин жакындары видео аркылуу эч кимге дооматы жок экенин айтышкан.

Ал эми Керимди 2 жылдан бери тааныйт. Ал устачылык менен алектенет. Ага оор берене боюнча айып тагылып калганын айтып, жеңил жаза берүүнү суранды.

Сотто күбө суралды. Анын айтымында, ошол күнү небересин бала бакчага эртерээк жөнөтөйүн деп, уулун ойготуп, небересин даярдап, унаага салып «кечигесиңер» деп шаштырып, үйдүн дарбазасын ачып жөнөткөн. Дарбазаны кайра жабайын деп жатканда болжол менен 30 метрдей жерде бир адамдын жатканын көргөн. Жанына барганда кошунасынын үйүндө жашап, иш кылып жүргөн Амир экенин тааныган. Кошунасынын уулуна телефон чалганда алган эмес. Алардын дарбазасын такылдатып, окуя тууралуу айткан. Амирдин бети-бети башы кан, көздөрү шишип калаганын көргөн. Андан кийин тез жардам жана милиция келген.

Майлуу-Суу шаардык сотунун 2022-жылдын 14-сентябрындагы өкүмү менен Керим КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту менен күнөөлүү деп табылып, 12 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Белгиленген жазасын өтөп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгаруу көрсөтүлдү.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE