Пример HTML-страницы

Таластагы энергетиктерге авариялык кырдаалдарга даяр болуу эскертилди

Акыркы жанылыктар

TurmushТаласка энергетика министри Таалайбек Ибраев иш сапары менен келди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Таалайбек Ибраев элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн бир катар тапшырмаларды коюп, өзгөчө техникалык чараларга көнүл бөлүүнү, бардык зарыл болгон запастык тетиктер менен камсыз кылууну белгилеп, тиешелүү адистерге 2023-жылдын октябрь айына чейин бүткөрүүгө тапшырма берди.

Министр 14-февралда «Талас электр тармактары» ишканасынын жамааты менен жолугушту.

«Барган сайын электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны көбөйүдө. Биз калкка үзгүлтүксүз электр энергиясын берүүгө даяр болушубуз керек. 2023-2024-жылы күз-кыш мезгилинде электр энергиясы үзгүлтүккө учурабашы үчүн ар бир РЭТте бештен авариялык запастык трансформатор болушу керек», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE