Пример HTML-страницы

Талапты аткарбаган студент мыйзамсыз жол менен ЖаМУдан диплом алган. Окуянын чоо-жайы белгилүү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад мамлекеттик университетине жасалма тактама алып барып, диплом алган мугалимдин иши сотто каралды.

  • Айыпталуучу Майрам (аты өзгөртүлдү, А.М.Т.) 1967-жылдын 27-февралында Сузак районунда туулган. Аталган райондун Кара-Алма айылындагы мектепте мугалим болуп иштеген, убактылуу иштебейт. Үй-бүлөлүү, 6 баласы бар, мурда соттолгон эмес.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин (документтердин жасалмасын жасоо) 2-бөлүгү менен айып тагылып, бөгөт коюу чарасы катары башка жакка кетпөө жөнүндө тил кат түрү тандалган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, айыпталуучу 2017-жылдын 15-августунда Жалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан жумушка жөнөтүү жөнүндөгү күбөлүк алган. Ал 2022-жылдын апрель айында 2017-жылдын 1-сентябрынан тарта жалпы билим берүү мектебинде башталгыч класстардын мугалими катары дайындоо жөнүндө мектеп директору тарабынан чыгарылган буйрукту жана 2020-жылдын 1-августунда мектеп директору тарабынан чыгарылган кызматынан өз каалоосу менен бошотулганы тууралуу жалган буйрукту, эмгек китепчени, мектептин мөөрү коюлуп тастыкталган жалган тактама алган. Ал мектепте бир күн дагы мугалим болуп иштеген эмес. Жалган тактаманы Жалал-Абад мамлекеттик университетине алып барып, башталгыч класстын мугалими адистиги боюнча артыкчылык диплом алып кеткен.

Анын кылмыштуу аракетинен улам мамлекетке 73 198 сом зыян келтирилип, тергөөнүн жүрүшүндө зыян толугу менен мамлекетке кайтарылды.

Сот отурумунда айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, кечирим сурап, жеңил жаза берүүнү сурады.

Күбө катары суралган мугалимдин айтымында, айыпталуучу аяшы болот. Жардам берүүнү сурангандыктан ага жардам берип, тактама жазып берген.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бөлүм башчысынын айтымында, сентябрь айында текшерүү келип, документтерди сураганда беришкен. Айыпталуучу иштегендиги жалган болуп чыккан. Алар текшере алышпайт. Дипломдорду алып келген тактамалар менен беришет.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде иштеген кызматкерлердин көрсөтмөсү боюнча, университетти бюджет менен бүтүргөндөр 3 жыл мугалим болуп иштегенден кийин же болбосо контракттын акчасын төлөп, диплом алышса болот. Айыпталуучу дипломун мыйзамсыз алып кеткенин аларды тергөөгө чакырган маалда билишкен.

Сот отурумуна чакырылган күбөнүн айтымында, Майрам Жалал-Абад мамлекеттик университетин аяктап, мугалим болуп иштегенге орун жок болгондуктан Москва шаарына иштегени кеткен. Кайра келген маалда дагы орун жок болуп, кийин кайра кетип калган. Ишеним кат аркылуу апасы анын дипломун алып койгон.

Жыйынтыгында Жалал-Абад шаардык сотунун 2023-жылдын 24-январындагы өкүмү менен айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 50 000 сом айып салынды.

Буга чейин Башкы прокуратура Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде текшерүү жүргүзүлгөнүн билдирген. Анда педогогикалык багыты боюнча бюджеттик (гранттык) группаларды аяктаган 82 бүтүрүүчү Жалал-Абад облусунун аймагындагы райондордо орто билим берүү мектептеринде 2 жана 3 жыл иштешкендиги тууралуу жалган буйрук, тактама жана күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрүн Жалал-Абад мамлекеттик университетине тапшырышып, жогорку окуу жайды бүткөндүгү тууралуу дипломдорду алып кеткени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE