Пример HTML-страницы

Сузактагы мал базарда 3 бир тууганды сабап кетишкен. Издөөгө алынган шектүүлөр кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районунда бейбаштыкка шектелип, издөөдө жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө Кызыл-Туу айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 3-февраль күнү саат 16:00 чамасында Сузак районунун Мундуз айылында жайгашкан мал базарда 2 бир тууганын жана өзүн сырттан тааныш болгон Абдулла, Абдыкалык, Абдумалик, Иса жана аттары белгисиз болгон 3 шериги менен сабап, көзүнө таш менен уруп койгондугун билдирген. Анын кесепетинен жаракат алып, Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылышкан.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Бул кылмыш иши боюнча 2023-жылдын 4-февралында Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну — 1994-жылы Т.А. кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына бир айга киргизилген.

Мындан сырткары милиция тарабынан бул окуяга шектелген 6 жарандын өздүктөрү такталган. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө алар жүргөн жерлерин жашырып, тергөөгө келбей, белгисиз болуп жаткандыгына байланыштуу алрага карата издөө жарыяланган жана сырттан айыптары угузулуп, камакка алуу түрү тандалган.

23-февраль күнү аталган кылмыш ишин жасагандыгы боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн Сузак районунун тургуну — 1995-жылы туулган А.у.М. кармалып, 26-февралда анын бөгөт коюу чарасы катары Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 2 айлык мөөнөткө үй камак түрү тандалган.

Ошондой эле Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызмактерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмыш иши боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн 1984-жылы туулган С.А., 1989-жылы туулган С.Б. жана 1990-жылы туулган А.А. кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE