Пример HTML-страницы

Нарында медициналык камсыздоодон өткөн жарандарга 687 миң сомдук дары-дармек колдонулбай калган

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунда саламаттыкты сактоо тармагында милдеттүү медициналык камсыздоодон өткөн жарандарды жеңилдетилген дары-дармектер менен камсыз кылууда рецептер калкка толугу менен жазылып берилбей, 687 миң сомдук дары-дармек колдонулбай калган. Бул тууралуу облустагы жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтылды.

Жыйында облустун 2022-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына баа берилип, 2023-жылга милдеттер белгиленди.

Коллегияда 2 эненин, 1 жашка чейинки 53 баланын өлүм көрсөткүчү катталганы сыяктуу кемчиликтер ортого салынды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев саламаттыкты сактоо тармагындагы кадрлардын жетишсиздик маселесинде 3-4-курстун студенттерин тартуу жагын карап көрүүнү сунуштады. Ошондой эле дары-дармектерди сатып алууда борборлоштурулган тендер жарыялоо натыйжалуу болорун айтып, бул маселени чечүүгө өзү киришерин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE