Пример HTML-страницы

Кочкордогү энелер кызыл килемден басып, салтанатка күбө болушту

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 21-майда Нарын облусунун Кочкордо энелер күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Майрамдык иш-чара райондук маданият үйүндө уюштурулуп, салтанатка чакырылган энелер кызыл килемден өтүштү.

Майрамга келген конокторго шайыр апалар тарабынан концерттик программалар тартууланды. Мындан сырткары Нарын шаарындагы «Байрактар» чыгармачылык тобу «Ата үйдүн тиреги» аталышындагы чакан спектакль тартуулашты.

Кочкор районунун акими Эрмекбай Омошев куттуктоо сөзүн сүйлөп, «Кочкор районунун ардактуу атуулу» наамын бир катар энелерге тапшырды. Алардын арасында 11 балалуу Айнагүл Сардарова да бар.

Иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE