Пример HTML-страницы

Г.Мамбеталиева Ооган согушуна катышкан күйөөсүн эскерди

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районуна караштуу Кочкор айылынын тургуну Гүлнара Мамбеталиеванын жолдошу Ооган согушунун катышуучусу. Ал жолдошун эскерип, төмөнкүлөрдү айтып берди.

Анын жолдошу Кенжебек Кадыралиев 2011-жылы каза болгон.

«Жолдошум Кенжебек 19 жашында Ооган жерине барып, согушка катышып келген. Ошол апаат тууралуу эч нерсени айтчу эмес. Болгону танка айдап бара жатканда жарылуу болуп, жаракат алганын айтып калчу. Бутунда ар кандай тактар бар болчу. 47 жашында 2011-жылы бул дүйнө менен кош айтышты. Ошол убакка чейин Кочкор районундагы Ооган коомунун жетекчиси болуп жүрдү. Афганистандан бирге кызмат өтөп келгендерди «балдарым» деп айтчу. Жыл жаңыргандан баштап эле ооганчылар үчүн кам көрүп, балдарым капа болбогудай кылып эскерүү күнүн өткөрүп алсам дечү. 15-февраль менин экинчи туулан күнүм деп ар дайым айтчу. Ушул күнү үйдө дасторкон жайып, майрам катары белгилечүбүз», — дейт Гүлнара Мамбеталиева.

Алар үч уулдун ата-энеси болушкан.

«Согуштан жаракат алгандан сырткары психологиялык жактан жараат алып калган. Мындан улам мал сойдуруп, колуна бычак карматкан жокпуз. Ар дайым башы ооругандыктан, ызы-чууну жактырчу эмес. Ошондуктан балдарымдын кичине кезинде ыйлагынын угузган жокмун», — деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE