Пример HTML-страницы

Чычкан капчыгайына кар көчкү түшүп, Ош—Бишкек жолу жабылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 17-февралда саат 19:45те Бишкек—Ош автоунаа жолунун 255-чакырымында кар көчкү түштү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан алынган маалымат боюнча, учурда Чычкан капчыгайында эки тараптагы унаалардын каттамы жабылды. Кар көчкүнүн көлөмү такталып жатат. Алгачкы маалыматтар боюнча, адамдар жаракат алган жок.

№23 жол тейлөө мекемеси 2 автожүктөгүч унааны кар көчкү түшкөн аймакка жөнөттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE