Пример HTML-страницы

Чүйдө лейкизм менен жабыркаган «мутант куш» тургундардын көңүлүн бурду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун тургундары «мутант кушту» байкап калышкандыгын билдиришти.

«Бул чымчык — кара таркылдак абдан ишенимдүү көрүндү. Көп жагынан жакын жерде турган куштарга үстөмдүк кылып тургандыгы билинди. Таркылдактын сырткы көрүнүшү кызыктай экен. Анын жарымы майда ак так жүнү менен капталган», — дешти күбөлөр.

Биолог Ирина Стежко канаттуунун адаттан тыш түсүн мындайча түшүндүрдү.

«Бул канаттууда лейкизм бар. Лейкизм — бул пигментациянын жарым-жартылай жоголушун сүрөттөгөн шарт. Бул жаныбарга кубарып же жууп кеткен көрүнүш берет. Алар ак же ачык түстүү териге, чачка же мамыкка ээ болушу мүмкүн. Бирок, лейкоздо көздөгү пигмент клеткалары жабыркабайт. Демек жаныбарлардын, айрыкча лейкизм менен ооруган канаттуулардын көздөрүнүн түсү кара.

Лейкизм организмдин эмбрионалдык өнүгүү мезгилиндеги белгилүү бир гендер тарабынан пайда болот. Лейкизмди кээде альбинизм менен жаңылышат. Альбинизмден айырмаланып, клеткалар — меланоциттер меланинди синтездей алышпайт, боёк үчүн жооптуу зат, лейкизмде пигменттик клеткалар таптакыр жок», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE