Пример HTML-страницы

Анестезиолог Аманат Качкынбекова Таласка барып, адамдарды өлүмдөн арачалап иштеп жатат

Акыркы жанылыктар

Turmush29 жаштагы Аманат Качкынбекова Таласта анестезиолог болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ата-теги Кочкор районунун Орток айылынан болот. Бирок өзү Бишкек шаарында төрөлгөн.

«Бала кезимен эле доктур болуу кыялым болчу. Бишкек шаарындагы мектепте окуп, 2013-жылы И.Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо факультетине тапшыргам. 2020-жылы аяктап эндокринология факультетине ординатурага тапшыргам. Ординатураны Таласта өтүүнү туура көрүп, Чат-Базардагы К.Токтогулов атындагы оорукананын инфекция бөлүмүндө иштеп калдым. Пандемияда кызыл зонага кирип, көп нерселерди үйрөндүм. 2021-жылы ординатурамды анестезиология жана реаниматология бөлүмүнө которгом. Которулууга Алмаз Асымбаев агайым түрткү болгон. Реанимация бөлүмүндө күчтүү дарыгерлер иштей турганын көп уккам. Ошолордон үйрөнүүгө Ч.Мамбетов атындагы атындагы ооруканага которулдум. Көбүрөөк практика керек болчу. Бул жактан ординатура өттүм. Бардыгы колдошту, үйрөтүштү. Дагы да үйрөтүп келишет», — деди ал.

Каарманыбыз 2017-жылы Таласка келин болгон. Жолдошу экөө 2 кыздын ата-энеси. Жолдошу Нурдөөлөт кесиби боюнча юрист.

«Кесибиме байланыштуу реанимация бөлүмүндө кызыктуу учурлар көп болот. Бир күн бир-бирине окшобойт. Бир жолу бизге бир бейтап түшүптүр. Кабылдама бөлүмүнө бардык. Ал жерде бейтап клиникалык өлүм болуп, жардам көрсөтүп жаттык. Анан биз дагы болбойт го деп ойлоно баштасак баягы бейтаптапта жашоо белгилери пайда боло баштады. Ошондо абдан бактылуу болгом. Аны кайра жандандыруу бөлүмүндө кайра жаткырып карадык. Кийин үйүнө чыгардык. Ошондо ушул кесипти тандап алганыма абдан сүйүнүп, сыймыктанган элем. Мага бул нерсе чоң дем күч берген. Бирок ошондой эле кырдаалдагы бейтаптар өздөрүнө келбей калышы мүмкүн. Ошондуктан ар кандай жыйынтыкка даяр болушубуз керек. Бардыгы кудайдын колунда. Биз дагы бейтап жашоого келсин деп колубуздан келген аракетти кылабыз. Бир эле диагноз менен жаткан 2 бейтапта сакаюу эки башкача өтүп калат. Ар бир бейтапты индивидуалдуу дарылоого туура келет.

Мен алгач эндокринология бөлүмүн тандагам. Кийин ординатурада кайра анестезиолог болуп которулдум. Операцияларга кирип, дарыгерлерди карап жүрүп, анестезиолог адистигине аябай кызыгуум артты. Башында бир-эки операцияга кирген болсом, улам кызыгып, ар бир операцияга кире баштагам. Азыр бул адистик меники деп билем. Мага бүгүнкү күнгө чейин үйрөткөн устаттарым көп. Аларга терең ыраазычылык айткым келет», — деди дарыгер айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE