Пример HTML-страницы

6 айдан бери изделип жаткан Батирбек Таластан табылды. Ал кантип жан багып жүргөн?

Акыркы жанылыктар

Turmush6 айдан бери дайынсыз болуп жаткан Батирбек Жураев Талас облусунан табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

2023-жылдын 8-февраль күнү Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тарабынан Базар-Коргон районунун 1985-жылы туулган тургуну Жураев Батирбек Юнусович 2022-жылдын 26-июль күнүнөн бери дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат таратылган.

Бул маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган соң, кайдыгер эмес жарандар тарабынан 38 жаштагы Батирбектин жүргөн жери боюнча маалымат милицияга келип түшкөн. Ал 2022-жылдын июль айынын аягында Талас облусуна барып, Кара-Буура районунун Аманбаев айылында бирөөнүн койлорун багып жүргөндүгү белгилүү болду.

Бүгүн, 10-февралда Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери Батирбекти Таластан алып келишип, туугандарына өткөрүп беришти.

6 айдан ашуун убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан Батирбектин туугандары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жана милицияга терең ыраазычылык билдирип, үйлөрүнө кайтышты.

Батирбек психикалык дарт менен жабыркайт, эс-тутуму жакшы эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE