Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда мурунку жубайынын үйүнө барган тургунду жолдон ич кийимчен табышкан

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында жашаган келиндин жарандык никедеги күйөөсү анын мурунку жолдошун сабаган. Ал күнөөлүү деп табылып, айыпка жыгылды.

  • Айыпталуучу Алмир (аты өзгөртүлдү, Ж.А.) 1982-жылдын 16-январында Сузак районунда туулган, орто билимдүү, ажырашкан, мурда соттолгон эмес. Жалал-Абад шаарында жашайт. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) 1-бөлүгү менен айып тагылган. Бөгөт коюу чарасы катары эч жакка кетпөө жөнүндөгү тил кат түрү тандалган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Алмир 2022-жылдын 3-июнунда саат 20:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы үйдүн алдында Маратты (аты өзгөртүлдү, А.М.) автоунаасынан жерге кулатып, жалпыга бирдей болгон тартипти одоно түрдө бузуп, бет тарабына 2-3 жолу уруп, жаракат келтирген.

Сот отурумунда Алмир күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Анын айтымында, 2022-жылдын 3-июнунда жарандык никеде жашап жаткан жубайы телефон чалып, мурунку жолдошу Марат үйүнө келип, чыр чыгарып, буюмдарды сындырып жатканын айткан. Чогуу иштеген Хасан экөө үйүнө келген маалда үй талкаланып, жубайы төрт баласы менен көчөдө жамгырда турганын көргөн.

Марат мас абалында өзүнүн унаасында отурган. Ал жубайын уруп койгонуна ачуусу келип, Марат менен уруша кетип, 2-3 жолу уруп жиберген. Экөөнү Хасан ажыратканда Марат мас болгондуктан жерге жатып калган. Андан кийин үй-бүлөсүн унаасына салып, ички иштер бөлүмүнө барып, арыз жазган. Мурун Марат бир нече жолу чыр чыгарганын, бүгүнкү күндө жабырлануучу дагы соттолуп жатканын билдирип, жеңил жаза берүүнү суранды.

Ал эми жабырлануучунун айтымында, 2022-жылдын 3-июнунда балдарынан кабар алганы Жалал-Абад шаарындагы үйгө барган. Мурунку жубайы эшикти ачпай, сөз талашып, уруша кеткен. Чайнекти ыргытып жиберсе, сыналгыга тийип кеткен. Автоунаасына барып отурган маалда сол жагынан катуу сокку жеп, кулап түшкөн. Айыпталуучу жана жанындагы беш адам аны сабаган. Эсин жоготуп, өзүнө келгенде атасын көргөн. Эс-учун жоготкончо катуу сабап салышканын, чөнтөгүндөгү акчасын алып коюшканын билдирип, ишти кайра тергөөгө жиберүүнү суранды.

Сот отурумунда жабырлануучунун атасы көрсөтмө берди. Анын айтымында, окуя болгон күнү мурунку келини телефон чалып, баласын алып кетүүсүн айткан. Кошунасынын унаасын айдатып барган маалда уулу Марат ич кийимчен (майка, трусы) жолдо жаткан. Үйүнө алып барып жуунтуп, ооруканага алып барышкан.

Мараттын уулунун көрсөтмөсү боюнча, окуя болгон күнү атасы келип, сыналгыны сындырып салган. Апасы жумуштан келип, атасы экөө айтыша кеткен. Айыпталуучу келип калып, бешөөлөп атасын уруп салышкан.

Мараттын мурунку жубайы күбө катары суралды. Анын айтымында, 2022-жылдын 3-июнунда эки кызы менен үйүнө келсе, эки баласы ыйлап отурган. Мурунку жолдошу Марат мас абалында үйүнө келип, чыр чыгарып, терезелерди, сыналгыны сындырып салган. Аны чачынан сүйрөп, уруп салганда милицияны, азыркы жолдошун чакырган. Мараттын атасына чалып айткан. Жолдошу Алмир досу менен келген маалда Марат чечинип, «мушташам» деп чыккан. Экөө уруша кеткенде ажыраткан. Жолдошу автоунаасына салып, балдары менен алып кетип, милицияга арыз жазышкан.

Эртеси үйүнө келип, Мараттын шымын көрүп, чөнтөгүндөгү 3800 сомун баласына берген. Ал шымын ыргытып салган. Чөнтөгүндө башка акча болгон эмес. Марат эс алуу күндөрү балдарын алып кетип жүргөн.

Ал эми тергөөчүнүн көрсөтмөсү боюнча, окуя болгон күндүн эртеси жерине барып көрүп, жабырлануучунун кийимин тапкан эмес. Тергөө маалында акча жөнүндө жабырлануучу кайрылган эмес.

Жыйынтыгында Жалал-Абад шаардык сотунун 2022-жылдын 21-декабрдагы өкүмү менен Алмир күнөөлүү деп табылып, 40 миң сом айып пул салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE