Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда 1 жылда эхинококкозго чалдыккан 67 адамга операция жасалды. Бул оору кантип жугат?

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда 2022-жылы 177 адам эхинококкоз оорусунан арылуу үчүн дарыланды. Бул тууралуу Жалал-Абад райондор аралык ооруулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эпидемиолог, паразитолог дарыгери Гүлиза Үсөнова билдирди.

Анын айтымында, илдетке чалдыккан 177 кишинин ичинде оорусу экинчи ирет кайталангандары жана башка облустардан операция болуп келип, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жаткандары да бар.

«67 бейтапка операция Жалал-Абад облусунда жасалса, калган 110 киши Бишкек шаарынан же Ош облусунда жасатып келип, дарыгерлердин көзөмөлүндө болушкан. Алардын ичинде бир бейтап альвеакоккоз менен жабыркаган. Бул оору эхинококкоздун бир түрү, ал кишиге жапайы жаныбарлардан жугат. Жалал-Абад дубанында операция жасалгандардын ичинен 25 бейтап 14 жашка чейинки балдар. Негизи бул ооруга операция жасалгандан кийин жа 3-5 жылдын ичинде кайрадан кайталанышы мүмкүн. Илдетке чалдыккандардын 28и кайра кайталангандар», — дейт Үсөнова.

Мындан сырткары ал илдетти жугузуп албоо үчүн жеке гигиенага өзгөчө көңүл бөлүү зарыл экенин эскертти.

Адамдын организмине эхинококкоз эхинококк курттарынын личинкалары аркылуу кирет. Убакыттын өтүшү менен ал эхинококк кисталарын пайда кылып, кишинин ички органдарын: боор, өпкө, жүрөк, мээсин жабыркатат.

Инфекция негизинен кой, уй, чочко, жылкы, ит, карышкыр, түлкүдө болушу мүмкүн. Жетилген личинка жаныбарлардын заңы менен кошо бөлүнүп чыгат. Кээде ал малдын, иттин жүнүнүн арасында да жүрөт. Мал карап, итти сылап келген соң колду жуубай коюу ооруну пайда кылышы мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE