Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү бир нече уурулукка шектелип, Бишкек шаарынын тургундары кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushБалыкчы ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан бир катар батирди тоноого тиешеси бар жарандар кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, март айынын башында Балыкчы шаарында бир катар батирге уурулар кирген. Кылмышкерлер бир эле ыкма боюнча үйдүн ичине терезелердин желдеткичтери аркылуу киришип, негизинен акча каражаттарын уурдашкан. Алардын кылмышынан үч жергиликтүү тургунга 519 миң сом жана 300 АКШ доллары өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Бул фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө Тоң районунун Кубака участогунда мурда батир тоногону үчүн бир нече жолу соттолгон Бишкек шаарынын тургундары — 59 жаштагы К.С. жана 39 жаштагы А.Р. кармалды. Алар Балыкчы ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Алдын ала сурактын жүрүшүндө шектүүлөр 3 факт боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алышты. Шаардык соттун чечими менен шектүүлөрдү 1 айга камакка алуу чечими кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE