Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө кыска кийинген кыздар жергиликтүү 2 эркектин сөккүсүнө алынышты (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районунда мас абалындагы 2 эркек киши 15 жаштагы 3 кызды сөккөнү тартылган видео социалдык тармактарда талкуу жаратты.

Кыздардын биринин айтымында, ал Түп айылындагы курбусуна Михайловка айылынан конокко келген. Алар дагы бир курбусун алып, дарыяга барып чөмүлүүнү чечишкен.

«Мен кыска чолок шымчан (шортик) болчумун. Жанагы эркек кишилердин жанынан өтүп баратканда, алардын бири сынаган көздөрү менен карады. Анан алар бизди сөгүп, кыйкырып, колубузду кайрып, уюлдук телефонубузду тартып алайын дегенге чейин барышты», — деди ал.

Түп РИИБдин тергөө кызматынын маалыматына караганда, 2023-жылдын 15-июлунда райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө Михайловка айылынын 58 жаштагы тургуну кайрылган. Аял өз билдирүүсүндө ушул эле күнү кечки саат 17:00 чамасында Түп айылынын чыгыш тарабында жайгашкан асма көпүрөдө азиат түспөлүндөгү белгисиз эки эркек кшиши анын 15 жаштагы кызын жана 2 курбусун эч бир себепсиз сөгүнгөнүн билдирген.

Бул арыз Түп РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ата-энесинин катышуусунда арыз ээсинин кызы жана эки курбу кызы суралган. Жашы жете электердин көрсөтмөсү боюнча, ал күнү алар дарыяда, асма көпүрө жактагы сууга түшүүнү чечишкен. Алар дарыяга бара жатышканда, эки мас эркек киши келип, жаман сөздөр менен сөгүнгөнү жөнүндө айтып беришкен.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок жашы жете электер ата-энесинин көзүнчө экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан. Мунун себебин белгисиз эркектердин аларга колу тийбегендигин айтып түшүндүрүшкөн.

Андан аркы териштирүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бул фактыга тиешеси бар адамдар аныкталып, алар Түп РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген.

Алдын ала сурактын жүрүшүндө, Түп айылынын тургундары 42 жаштагы К.М. жана 32 жаштагы С.Ж. бул окуя боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мас абалында болгонун түшүндүрүшкөн.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE