Пример HTML-страницы

Видео — Оштогу шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн бийи менен коштолду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо уланууда.

№5300 шайлоо тилкеси Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын имаратында жайгашкан. Ош шаарына борбордук системадан жылуулук берүү токтотулган.

Аба ырайы кескин өзгөрүп кеткенине байланыштуу үшүп кеткен комиссия мүчөлөрү бийлеп жылынууну чечишкен.

Аталган шайлоо тилкесинде 2326 шайлоочунун ичинен 243 шайлоочу гана добуш берген.

2021-жылы Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына Ош округунан Айбек Осмонов, Кара-Суу округунан Искендер Матраимов келген. Алар мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырышты. Эгерде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутат өз ыктыяры менен мандатын тапшырса, анда шайлоо өтөт. Бул тууралуу шайлоо мыйзамында айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE