Пример HTML-страницы

Ошто шайлоо өнөктүгүнө аралашты делген жетекчи менен орун басар кызматтан бошотулду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык мэриясындагы жетекчи менен орун басар кызматтан бошотулду.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышып жаткандыгы тууралуу маалымат тараган. Кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, комиссиянын чечими кабыл алынды.

Чечим менен кызматтан бошотулгандар:

— Кадыркулов Элдияр Тажибаевич — Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысы (бул кызматка 2019-жылдын июль айында дайындалган);

Эгамбердиев Рустам Октамбекович — Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары.

Ал эми «Ош шаар суу канал» ишканасынын жетекчиси Кокочоров Доолатбек Курманбековичге эскертүү берилип, анын орун басары Байкишиев Талант Осмоналиевичти жана Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкери Камил Камчы уулун кызматтан бошотуу сунушу жетекчилигине жиберилди.

Ошондой эле териштирүү учурунда шайлоо өнөктүгүнө аралашты делинген Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Эгембердиев, «Ош жылуулук камсыздоо» ишканасынын кызматкерлери — Алтынбул Жунусов, Кабылжан Абдибаитов, Раджи Жээналиев, Айзирек Атажанова, Сухраб Сайдуллаев, Нооруз Ашимжан уулу ушул күнгө карата аталган ишканада иштебей тургандыгы аныкталды.

Мындан сырткары Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Ош облусу боюнча салмак габаритти көзөмөлдөө департаментинин башчысы Бакай Жолдошбаев менен «ГазпромКыргызстан» ЖЧКсынын «ОшГаз» филиалынын жетекчисинин орун басары Мирбек Маматовго карата чара көрүү боюнча аталган мекемелерге Ош шаарынын мэриясы тарабынан сунуштар жиберилди.

«Буга чейин Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана жетекчилери ЖК депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө аралашпоо боюнча Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов аппараттык жана коллегиялык отурумдарда бир нече жолу эскерткен. Андан сырткары мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларга кат да жиберилип маалымдалган», — деп айтылат маалыматта.

—————————————————

Бир мандаттуу 3 округдан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо 28-апрель күнү өтөт. Ага жалпы 30 талапкер кытышат.

Талапкерлер:

— Баткен округу боюнча — 10 талапкер;

— Ош округу боюнча — 13 талапкер;

— Кара-Суу округу боюнча — 7 талапкер катталган.

Добуш берүү 28-апрелде саат 08:00 — 20:00 аралыгында жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE