Пример HTML-страницы

«Достук» чек ара бекетинде тартылган видео боюнча жооп беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы «Достук — унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунда чек арачылар Өзбекстандын жарандарынан мыйзамсыз акча талап кылып жатканы тууралуу видео социалдык тармакка тарады. Аталган видеодо кыргыз чек арачылары өзбекстандык жарандардан акча талап кылып, аны паспорттун ичине салып берүү керектиги тууралуу айтылган.

Мындан улам Turmush басылмасынын кабарчысы кечээ, 14-февралда «Достук — унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү бекетине барып, маалымат алып келди. Аталган бекеттин башчысы Нурлан Аттокуров аталган жайдагы абал тууралуу айтып берди.

«Көзөмөл-өткөрмө жайында өткөрүү тартиби өз ирети менен болуп жатат. Жуманын шейшемби жана ишемби күндөрү Кара-Суу базарын дүң базар деп коёт. Ошол себептен жүк менен келген адамдар көбөйүп жатат. Кээ бир учурларда жүгү жок өткөн жарандарга кыйынчылык болуп калат. Себеби жүк ташыгандар жолдорду тороп, кыйынчылык жаратат. Ошондуктан ыңгайлуу болушу үчүн коридорлорду бөлүп, жүгү барларды өзүнчө, жүгү жокторду өзүнчө ирети менен өткөрүп жатабыз», — деди Нурлан Аттокуров.

Ал эми соцаилдык тармакка тараган видео боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

«Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча биздин аскер бөлүктүн башкармалыгы тарабынан тийиштүү иштер жүрүп жатат. Ал боюнча жыйынтыгын текшерүү иштери бүткөндө айтабыз. Андан сырткары ушундай коррупциялык иштер болбосун деп паспорт текшерүүчү кабиналарда ишеним телефондор бар. Ошол жерден менин телефонум же аскер башкармалыктын кызматынан номурлары да бар. Эгер кайсы бир учурда мыйзамсыз көрүнүштөр болуп калса же талапка туура келбеген көрүнүштөр болсо, терезеде жайгаштырылган телефон номурларга чалып, байланышса болот.

Ошол эле замат мыйзам бузган же туура эмес талап койгон аскер кызматкердин үстүнөн тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлөт. Азыркы учурда бизде Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлерин иштен кетирүүгө чейин иш козгоп, катуу чаралар көрүлсүн деген талап бар. Күнөөсү далилденген аскер кызматкерлерге карата коррупциялык беренелер аныкталган учурда, Чек ара кызматынын катарынан бошотууга чейин каттал чара көрүлөт», — деди Нурлан Аттокуров.

Ал эми чек ара пунктунан өткөн жарандар кезекти жоюуну суранышты.

«Биз Кыргызстандан да, Өзбекстандан да суранабыз, кезексиз кылып, бизди чек арадан өткөрүп беришсин, адамдар кыйналбасын. Жакында ата-энемди умрага жөнөтөм. Ошондо дагы ушундай кезек күтүшөт. Мындай учурларда бир аз жеңилдик кылып берүүсүн өтүнөм. Анткени күтө берип кыйналабыз», — деди Гүлноза Кадирова

Бекетте кезек күтүп турган Иттижохан Юнусова: «Биз күнүгө эки-үч жолу Кыргызстандын чек арасына кирип-чыгып, тиричилигибизди кылабыз. Бизге тоскоолдуктар жок. Бир жолу да катуу мамиле жасашкан жок. Кээ бир адамдар ар кандай нерселерди айта беришет. Биз чек ара пунктунда кызмат кылгандарга ыраазыбыз. Мен Өзбекстандын жараны болом», — деди.

«Ош» эл аралык аэропортуна келген Өзбекстандык жарандар да пикирин билдирди.

«Бизди бул жерде жакшы тосуп алышты. Иркутсктан Ошко саякаттоо үчүн келдим. Кыргызстандын жерлерин көрүп, анан кайра Өзбекстанга кетем. Бул жерде кызматкерлер бардыгы өз тартиби менен иштеп, жылуу мамиле кылып жатышты», — деди Шахруз Халбеков.

Өзбекстандын жараны Расулжан Шакиров: «Мен Иркутсктан Ошко учтум. Кайра Наманган шаарына кетем. Тез арада Өзбекстанга учуш керек болуп калып, «Ош» аэропортун тандап алдым. Анткени кызматкерлердин мамилеси жакшы, менин көңүлүмө туура келгендиги үчүн тандадым. Кыргызстандык кызматкерлерге ыраазымын», — деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE