Пример HTML-страницы

Чычкан капчыгайында жүргөн ак илбирсти адамдар көрүп калышты (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек–Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайындагы тилкесинде бара жаткандар ак илбирсти көрүштү. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, жырткыч жол четинен ары басып кеткен. Капчыгайда калың кар жатат.

«Ак илбирс тоолордогу кең аймакты ээлейт. Аймагынын ичинде аңчылыгына жараша жер которуп турат. Ал өзүнүн негизги азыгы болгон тоо текелердин артынан жүрөт. Ак илбирстер февраль айынын этеги, март айында жупташат. Алар өздөрүнө түгөй издеп активдүү жер которушат. Алар ушул учурда адамдардын көзүнө көп чалдыгат», — деди эколог адис Александр Сидоренко.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE