Пример HTML-страницы

Чүй облусунун токой тилкелеринде витаминге бай козу карындар өсө баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushФевраль айында Чүй облусунун токой тилкелеринде фламмулина активдүү өсө баштады. Бул кышкы опенок же кышкы козу карын деп аталат. Көп деле белгилүү эмес, бирок даамдуу жана пайдалуу козу карын. Тажрыйбалуу козу карын терүүчү аны кышында Кыргызстандын токойлорунан таба алат.

«Кышында же эрте жазда бак-дарактардын арасынан фламмулинанын үй-бүлөсүн таба аласыз. Бул жегенге жарактуу козу карын. Аябай дамдуу, үзүп келип же кургатып жешет.

Кыргызстанда фламмулина негизинен ноябрдан февралга чейин өсөт. Жайында дээрлик кездешпейт. Ал эми жазында көп санда кездешет. Аны издөө абдан кызыктуу», — дейт канттык Саера Маматова.

Биолог Ирина Стежко төмөнкүлөрдү айтты:

«Фламмулина — космополиттик козу карын, башкача айтканда Антарктидадан башка бүткүл жер шарында өсөт. Кышкы козу карындарда вируска каршы заттар жана көптөгөн витаминдер бар. Бул козу карындар адамдын суук тийүүгө каршы туруктуулугун жогорулатат. Андан алынган экстракт инфекциялык жарааттарга жана ириңдеген тери ооруларына жардам берет».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE