Пример HTML-страницы

Баткенде санарип аймак системасы менен жөлөк пул чегерүү элеттиктерди түйшөлтүүдө

TurmushБаткен облусунда санарип аймак системасы менен жөлөк пул чегерүү элеттиктерди түйшөлтүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, анткени мурда айыл өкмөттүн тастыктамасы менен жөлөк пул алган айрым үй-бүлөлөр эми санарип тизмеден чыкпай калып, жөлөк пул берилбей калат деп чочулап жатышат.

«Эмне үчүн айыл өкмөттөн бирдей катталган жарандардын бири өтпөй арызы кайра кайтып, экинчиси өтүп кетет? Санариптен чыкпай калганыбыз үчүн биздин арыздар кабыл алынбайт экен. Бирок айыл өкмөттөн текшертсек чыгып жатат. А бул жакта жок. Мурда айыл өкмөттүн үй-бүлөлүк тастыктамасы менен эле алчубуз. Санариптен чыкпай калабыз деп ар кимдин кызыл китебине туруп жатышат. Бирок аз камсыз болгон үй-бүлөнүн үйүнө катталбасаң анда да чегерилбейт экен. Жер алып бирок үй сала электер же башка үй-бүлө менен тургандардын шарты да туура келбей чыкпай калат экен», — деди Кара-Бак айылынын тургундарынын бири.

Баткен райондор аралык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынан билдиргендей, Кара-Бак айылында жалпы 1400үй-бүлө үй-бүлөгө көмөк жөлөк пулун алат. Февраль айында тапшырылган арыздардын ичинен 250 үй-бүлүнүн арызы кабыл алынып, 37 үй-бүлө санарип аймак автоматташтырылган системага кирбей калганы үчүн арыз кайтарылган. Анткени аларды айыл өкмөттөн туура эмес каттап алышкан.

«Санариптен чыкпай калгандардын арызы кайтарылды, 37 үй-бүлө. Биз аларды кайрадан каттоо үчүн айыл өкмөткө тапшырма бердик. Алар иш эмес күндөрү да иштеп, буйруса бул айдагы жөлөк пулдун чыгышына аракет кылдык. Эгер документтер туура болсо, тактап айтканда чынында муктаж үй-бүлө болсо, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чегерилет.

Ал эми өз үйүнүн кызыл китеби жок же башка үй-бүлө менен кошо бир үйдө турган үй-бүлөлөр айыл өкмөттүн дарегине шаарда болсо мэрияга катталса болот», — деди башкармалыктын жетекчиси Сүйүнбай Сатыбалдиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE