Пример HTML-страницы

Аламүдүндүк спортчулар Казакстанда өткөн грэпплинг боюнча мелдеште алдыңкы орундарды камсыздашты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл аймагындагы Дачный айылынын курама командасы Казакстандагы грэпплинг боюнча эл аралык мелдешке катышып, олжолуу орунга ээ болушту. Бул тууралуу Лебединовка айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, «ASIA OPEN 2023» эл аралык мелдеши грэпплинг ассоциациясы тарабынан уюштурулган. Спортчуларды мелдешке машыктыруучу Улукбек Русланбеков жетектеп барып келди.

Президенттин «Инсандык руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын аткаруу максатында айыл аймактын спортчуларына жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат которулуп, ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп келет. Анда спортчулардын машыгуусуна, спорттук инвентарлар менен камсыз кылууга, турнирлерге катышуу үчүн жол киресин, тамак-ашына жана башка иш-чараларды уюштурууга каражат болуп, колдоо көрсөтүлүүдө.

— Мирлан Эрматов грэпплинг GI боюнча 1-орунду, грэпплинг NO Gi боюнча 2-орунга татыды;

— Муратбек уулу Токтосун грэпплинг Gi боюнча 2-орунду, грэпплинг NO Gi боюнча 3-орунду камсыздады;

— Азизбек уулу Эрканат грэпплинг NO Gi боюнча 3-орунга ээ болду;

— Султан Русланбеков грэпплинг NO Gi боюнча 2-орунду, грэпплинг Gi боюнча 2-орунду багындырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE