Пример HTML-страницы

Ак-Талаанын Ак-Тал айылында хоккей мелдеши өткөрүлүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылында хоккей боюнча мелдеш өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 11-февраль күнү Ак-Тал аймайындагы табигый тоңгон муз үстүндө 1987-жылкы жигиттердин уюштуруусунда айылдын кварталдар арасында хоккей боюнча мелдеш башталды. Учурда 6 команда муз үстүндө ат салышууда.

Айыл тургуну Эркинбек Сатаров хоккей мелдеши жыл сайын уюштуруларын айтты.

«Бир кезде агаларыбыз ушул оюнду муундар арасында шерине сыяктуу уюштуруп башташкан экен. Ошондон бери ар жылдын кыш мезгилинде өткөрүлүп келет. Быйыл кезек 1987-жылкы жигиттерге жетип, учурда өткөрүп жатышат. Хоккейден тышкары муз үстүндө чака чапмай, аркан тартыш сыяктуу мелдештер уюштурулат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE