Пример HTML-страницы

Мухамбет Сулайманов 1 жумурткасы 60 сомдон сатылган тоокторду багып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushМанас районунун Кайыңды айылынын 62 жаштагы тургуну Мухамбет Сулайманов эт, жумуртка багытындагы тоокторду багып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, адлер породасындагы тоокторду багууда.

«Биз үй-бүлөбүз менен айыл жергесине ылайыктуу болгон чакан, кирешелүү иш менен алек болуп келе жатабыз. Адлер породасындагы тоокторду багып жатабыз. Бул ишти мындан 1 жыл мурун баштаганбыз. Балдарыбыз Бишкектен ар бир жумурткасын 60 сомдон деп 100 даана алып келишкен. Өзүбүздүн 120 жумурткалык инкубаторубуз бар. Алынып келген жумурткаларды ошол инкубатордон чыгарып сатканбыз. Азыр өзүбүздө 30 баш адлер тоок бар. Булар тоок эт, жумуртка багытындагы тоок. Мунун багуунун анча машакаттуу көйгөйү деле жок. Берки тооктордой болуп оттой бербейт.

Негизи айыл жеринде жашагандыктан бизге ушундай иш менен алек болуу ыңгайлуу экен. Бир жагынан алганда кирешелүү жумуш. Суу, буудай жем менен эле багылат. Убагы менен эмдетип турабыз. Иши кылып кемпирим экөөбүз кирип-чыгып, тооктор менен алек болуудабыз.

Азыр күн суук болгондуктан жумушу деле жок. Күн жылуу убакта сыртка чыгарып коёбуз. Үйдү тегеректеп оттоп жүрүшөт. Азыр жумурткаларын чогултуп жатабыз. Жаз алды менен инкубаторго салып чыгарабыз.

Бир гана тооктор менен алек болбостон, мал менен да алек болобуз. Жубайым 15 жылдан бери айылдагы китепканада китепканачы болуп эмгектенип келет. Үйгө келип уй саап, каймак жасап, сары май жасап, аны сатып келет. Иши кылып үй-бүлөлүк киреше булагыбыз бар», — деди ал.

Фермер бул тоокторду жана жумурткаларын канча сомдон сатары жана телефон номуру тууралуу маалыматты биздин сайтка катталуу менен окуй аласыз.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE