Пример HTML-страницы

Кадамжайдагы тургундардын 87 миң сомго бааланган курмасын алдап алып кетишкен. Шектүү Аксыдан кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushМурда алдамчылык боюнча жоопко тартылган жаран кайра алдамчылык кылмышына шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын жергиликтүү тургундары 2022-жылдын ноябрь айында «курма сатып берем» деп, мөмө-жемишин алып, андан ары изин жашырып кеткен жарандын үстүнөн 8 арыз менен кайрылышкан. Арызданган жарандарга жалпысынан 82 700 сомдук зыян келтирилген.

Бул арыздар Кадамжай РИИБ тарабынан КБРге Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Исхак-Полотхан айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 43 жаштагы тургуну А.К. Аксы районунан кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү мурда да алдамчылык кылмышы менен сот жообуна тартылгандыгы белгилүү болгон.

Азыркы учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE