Пример HTML-страницы

Бакай-Атада «Йакын Инкар» уюмунунан өз ыктыяры менен чыккан адам кайрылуу жасады

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунда «Йакын Инкар» уюмунунан өз ыктыяры менен чыккан адам кайрылуу жасады. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Бакай-Ата РИИБдин кызматкерлери экстремизмге каршы ыкчам жана алдын алууга багытталган бир топ иштерди мерчемдеген. Анда каттоодо турган жана ал идеяларды колдогон жарандар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Таластагы «Нелегал» рейдинин жүрүшүндө «Йакын Инкар» уюмунун мүчөсү катары Бакай-Ата РИИБдин каттоосунда турган Боо-Терек айылынын 30 жаштагы К.У. аттуу тургуну менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ал илим алам деп, дин боюнча ар кандай агымдарга кошулуп, изденип жүргөн. Бирок мыйзамсыз деп табылган экстремисттик уюм экендигине эми көзү жетип, өз ыктыяры менен ал уюмдан чыгып кеткенин билдирип, башка жарандарды дагы мыйзамсыз аракеттерден оолак болууга үндөдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE