Пример HTML-страницы

Таласта кармалган экс-мэр, учурдагы жетекчи, мурдагы башчы камакта калтырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 26-майда саат 12:00дө Талас шаардык сотунда камакка алынган адамдардын баш коргоо чарасы кайрадан каралды. Анда:

— Талас шаарынын мурдагы мэри Ш.А.А. 15 күнгө;

— Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Т.Э.Т. 15 күнгө;

— «Ника KG» компаниясынын өкүлү А.у.А. 15 күнгө камакта калтырылды.

— Талас облусунун курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгынын мурдагы башчысы С.С.О. 7 күнгө камакта калтырылды.

20-майда Талас шаардык соту президенттин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Б.Н.ны үй камагына чыгарган.

Буга чейин УКМК Талас шаарындагы тигүү фабрикасы боюнча бир нече адам кармалганын билдирген.

«Тигүү фабрикасын куруу боюнча пайдасыз келишим түзүлгөн жана «Ника KG» курулуш компаниясынын эсебине мыйзамсыз 25 млн сом которулган. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) 3-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон», — деп айтылган маалыматта.

Ошондой эле, 2022-жылы апрелде Талас облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңеши 82 миллион сомдук тигүү фабрикасын куруу демилгесин долбоордук-сметалык документи жана курулуштун максатка ылайыктуулугу боюнча корутундусу жок жактырышкан. Андан тышкары, долбоордун наркын жасалма түрдө жогорулатышкан.

Тигүү фабрикасын куруу укугуна «Ника KG» жоопкерчилиги чектелген коому ээ болгон. Келишим боюнча, бардык аткарылган жумуштар кабыл алынгандан кийин акча төлөнмөк. Бирок Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Э.Т.Т. президенттин Талас облусундагы мурдагы өкүлү Н.Б.Н.нын көрсөтмөсү менен Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын катынын негизинде «Ника KG» компаниясына 25 млн сом которгон. Алдын ала маалымат боюнча, бул акчадан «откат» алынган.

Бул ишке Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин адистери тартылып, долбоордук-сметалык документтер текшерилген. Анын жыйынтыгында курулуштун баштапкы этабында эле 7 млн 38 миң 265 сомдук жумуштар аткарылбаганы аныкталган.

Кылмыш иштин алкагында 18-майда 5 адам кармалган. Алар:

— президенттин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Б.Н. (Нарбеков Бакытбек Наркулович);

— Талас шаарынын мурдагы мэри Ш.А.А. (Шабданов Аскар Адылбекович);

— Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Т.Э.Т. (Тыныбеков Эмир Токонович);

— Талас облусунун курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.С.О. (Салыбаев Саламат Обозканович);

— «Ника KG» компаниясынын өкүлү А.у.А..

Аталган жарандар Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

  • Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Ника KG» компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси катары Өмүрзаков Таалайбек Өмүрзакович көрсөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE