Пример HTML-страницы

Түптө тоо лыжа базасын куруу үчүн кайсы аймактын жери ижарага берилет?

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп районунун Каркыра жайлоосуна тоо лыжа базасы курулат. Бул тууралуу этно-бизнес форумунда белгилүү болду.

Маалыматка караганда, «ЭКО-ГОРОД КАРКЫРА» ЖЧКсы 200 гектар жерди (Каркыра, Ысык-Көл айыл өкмөтүнө жана Түп токой чарбасына тийиштүү жер тилке) 5 жылдык мөөнөткө ижарага алып, лыжа базанын долбоору иштелип чыгууда.

Алдыда бул сыяктуу жашыл экономикага багытталган райондо кошумча долбоорлор сунушталып, жыйынтыгы күтүлүп жатканын Түп районунун акими билдирди.

«Бизнес форумга 6 өлкөдөн атайын серепчилер, 200дөн ашуун чет өлкөлүк бизнес өкүлдөр менен илимий ишкерлер келип катышты. Анда айыл өкмөттөр жашыл экономикага багытталган бир катар долбоорлорун сунушташты. Анын катырында эко туризмди өнүктүрүүдөгү шарттар айтылып, Каркыра жайлоосуна курула турган лыжа базанын долбоору сунушталды. Ошондой эле Каркыра айылын экологиялык шаарчага айландыруу, Түп айыл аймагына экологиялык модулдук үйлөрдү куруу боюнча завод ачуу, 20 гектар аянтка жашыл бакча куруу жөнүндө сүйлөшүүлөр болду. Бул аракет жүзөөгө ашса, Түп районунун социалдык, экономикалык өсүүсүнө салым болот деп ишенем», — деди Каныбек Адиев.

Ушул эле багытта Ысык-Көл айыл өкмөтү элетке эко баштык даярдоочу цех ачуу долбоорун сунуштады.

«»Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгынын алкагында Ысык-Көл айыл өкмөтүнөн кагаз баштык чыгаруучу цех ачуу долбоору сунушталды. Инвесторлор колдоп, ишке ашса жергиликтүү тургундар жумуш орду менен камсыздалып, экономикабыз жана инфраструктурабыз жакшырмак. Ошондой эле Каркыра жайлоосуна тиешелүү жайыт жерге тоо лыжа базасы курулса бюджетибиз көбөймөк. Бул багытта жайкысын мал алып чыккан чабандарга эч кандай тоскоолдук жаралбайт», — деди Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Бозгунов.

  • Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалымат базасына ылайык, Куценко Людмила Викторовна «ЭКО-ГОРОД КАРКЫРА» ЖЧКсынын директору катары көрсөтүлгөн. Ишкана 2023-жылдын 2-мартында кайра каттоодон өткөн.

«Эко-шаар Каркыра» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Константин Куценко.

Константин Куценко — Ысык-Көл облусунун Түп айылынын тургуну, Кыргыз Республикасынын профессионалдык ММА жана панкратион лигасынын президенти, Кыргыз Республикасынын фитнес федерациясынын вице-президенти, «JOLBORS TEAM» спорт клубунун негиздөөчүсү болгон.

2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими болуп иштеген. 2020-жылдын 2-ноябрында тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон.

2020-жылдын 24-ноябрында берген арызына ылайык, Октябрь районунун акими кызматынан бошотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE