Пример HTML-страницы

Ош шаарында мотороллер айдап бараткан адам кырсыкка кабылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында мотороллер айдаган жаран кырсыкка учурады. Бул тууралуу Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 28-июнь күнү Ленин менен Р.Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Мотороллердин айдоочусу тең салмакты кармай албай, жол чыракта кызыл күйгөн учурда жолду кесип өтүп, өзүнүн жолунда бара жаткан унааны чийип, оодарылып кеткен.

  • Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматы жарандарга эскертет: моторолла, самокаттар унаа катары катталбайт. Мындан улам чоң жол менен айдоого мүмкүн эмес. Атайын даярдалган веложолдор менен гана айдоого уруксат берилет. Же белгиленген аймактын ичинде гана айдоого мүмкүн. Учурда жарандар чоң жолго чыгып, жол кыймылына тоскоолдук кылып, жол кырсыктарына кабылып калууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE