Пример HTML-страницы

Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолу толугу менен ачылды. Сүрөт

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районунда кар көчкү түшкөн унаа жолдор ачылды. Бул тууралуу №26 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Бакыт Аттокуров билдирди.

Анын айтымында, көчкү түшкөн жолдор тазаланды.

«Кечээ, 21-февралда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу эл аралык маанидеги унаа жолу толугу менен ачылды. Учурда жолдорду кеңейтүү жана чоң көчкүлөрдү ылдыйлатуу жумуштары жүрүп жатат. Райондук №26 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары иштөөдө», — деди Аттокуров.

Кара-Кулжа районунун акиминин буйругуна ылайык, Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымынан тартып (Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылы) 115-чакырымына чейинки (Кызыл-Жар айылдык аймагынын Күйө-Таш айылы) аралык 2023-жылдын 16-февралынан саат 18:00дөн тартып белгисиз убакытка чейин эки тараптуу жабылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE