Пример HTML-страницы

Чаткалдын Курулуш айылында түшкөн кар көчкү турак үйдүн короосуна чейин жетти. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Чаткал айыл өкмөтүнүн Курулуш айылында кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кар көчкү бүгүн, 17-февралда саат 03:30 чамасында түшүп, 1 турак үйдүн короосуна чейин жеткен. Жеринде тактоо иштери жүргүзүлүп, кар көчкүдөн адам өмүрүнө коркунуч жана жабыркагандар жок экендиги аныкталды.

Учурда Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын жетекчилигинде 4 куткаруучу тартылып, турак үйдүн короосунда кар көчкүдөн тазалоо жумуштары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE