Пример HTML-страницы

  Петровкада жергиликтүү  жашоочулар элдик жыйында көйгөйлөрүн билдиришти

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 22-февралда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айыл аймагында элдик жыйын өтүп, жергиликтүүлөр жол, жайыт, жер тилкеси, бала бакча, жөлөк пул, таштанды, сүттүн баасынын төмөндүгү жана башка ондогон көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Элдик жыйынга мекеме-уюмдардын, сот, прокуратура, ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жашоочулар катышты.

Элдик жыйында айыл өкмөтүнүн башчысы Жеңиш Байсулдаев өткөн 2022-жылдагы аткарылган жана келечектеги иш-аракеттер жөнүндө баяндама жасады. Андан соң, суроо- жоопторго кезек берилип, жайыт жана башка маселелер боюнча төрага менен депутат кайым айтышты. Алар жеке таарынычтарын да ортого салууга үлгүрүштү.

Залда сөз сүйлөөчүлөрдүн саны артып, 40 жаштагы Рустам Алымкулов: «Эл арасында көйгөй көп. Мына, сугат суу тартыштыгы жаралган күндөр да өттү. Учурда Чоң Чүй каналы (БЧК) таштандыга толуп кетти. Ал эми райондо көз дарыгери жетишсиз. Райондук ооруканадагы жолдун экинчи тилкесинде жеке дарыгер иштейт. Ал эми өкмөттүкү жок. Ошондой эле аймактагы жайыт жерлерге элдер таштанды төгүп жатышат. Аны ким көзөмөлдөйт? Жаштарды турак жай менен камсыздоодо көп жылдан бери жер тилкеси берилбей келет. Кайда барып жашайбыз? Эгин талаасына карай кеткен жол боюндагы бак-дарактар куурап жок болду. Ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуп, айланабызды көрктөндүрүп, жашылдандырсак болбойбу? Ошондой эле Кызыл-Туу айылынын 50 пайызга жакын жашоочуларында интернет байланышы жок. Ошондо санариптештирүүгө элет жергеси кантип өтөт?», деп кагазга түшүрө келген ондогон көйгөйлөрдү ортого таштады.

Кезек күткөн 74 жаштагы баатыр эне Орунбү Эшматова айрым бир жетекчилерди сынга алса, 35 жаштагы жалгыз бой эле Жайлоогүл Төөлөсбаева: «Эки балам менен 15 жылдан бери ар жерде жашап келем. Убактылуу жашаган үйгө айына 3,5 миң сомдон төлөй албай, балдарым менен ата-энемдин үйүнө көчүп да келгем. Жөлөк пул алуу үчүн тиешелүү жерге кайрылсам, алар: «Жашаган үйүңдүн темир эшиги бар экен» деп жолго салышты. Мен эмне балдарым менен темир эшик жейминби? Мага 4 эле сотых жер бергилечи, эптеп үй салып алайын», — деди.

Жыйындын жүрүшүндө ар бир суроого тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер жооп берип, элге түшүндүрүү иштерин да жүргүзүштү. Элдик жыйынды жетектеген акимдин 1-орун басары Улан Садалиев ар бир айтылган суроо-талаптар, көйгөйлөр четте калбай, мыйзамдын негизинде чечиле турганын баса белгилеп, өз оюн тайманбай ачык айтып, эл үчүн күйгөн жаштардын демилгесин колдоду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE