Пример HTML-страницы

Кадамжайда ооруканага жеткирилген 9 адам

Акыркы жанылыктар

Turmush14-майда Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында 10 жаштагы окуучуну уруп кеткен айдоочу ошол эле күнү Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, айдоочу анча оор жарат алган эмес. Ага амблатордук медициналык жардам берилгенден кийин, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кадамжай аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Мирлан Эназаровдун маалыматына караганда, жол кырсыктан улам ооруканага 9 адам жеткирилип, бирөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алардын ичинде каза болгон 10 жаштагы окуучу да болгон. Бирок ал ооруканага жеткирилгенде жансыз болгон. Жабыркагандардын төртөө оор жаракаттар менен келген. Дарыланып жаткандардын арасында мектеп окуучусу бар. Алардын баары Лейлек районунун жарандары.

«Бизге 9 адам кайрылган. Айдоочу бизге кайрылган эмес. Бирөөсү жанагы 10 жаштагы окуучу бала. Ал келгенде жаны жок болгон. Калган 8 адамдан төртөө амблатордук түрдө медициналык жардам алып кеткен. Төртөө биздин ооруканага жаткырылган. Бирөө жандандыруу бөлүмүндө. Анын мээси катуу чайкалып, оң буту жоон санынан сынган. Тизесинин тарамыштары үзүлгөн. Абалы орто. Сынык-жаракат бөлүмүндө жаткан 3 бейтаптын бирөө баш мээси чайкалып, жоон саны кесилип кеткен. Бир жаш бала бар, анын да мээси чайкалган. Булардын баары Лейлек районун жарандары. 4 бейтаптын бирөө Ошко которулган. Анын 2 буту тизеден ылдый сынган. Учурда Ош облустун бириккен клиникалык ооруканасында жатат. Анын да абалы орто», — деди Эназаров.

Буга чейин 14-майда Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылындагы Кудайкул Сатаров атындагы мектебине жакын жерде жол кырсыгы катталган. Анда Оштон Лейлекти көздөй бара жаткан машруттук каттамдын айдоочусу 3-класстын окуучусун уруп кеткен. Натыйжада бала окуя болгон жерде мерт болгон. «Спринтер» жолдон чыгып барып четтеги бакты сүзүп токтогон. Ичиндеги жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилген.

Кудайкул Сатаров орто мектеби Ош—Баткен-Раззаков унаа жолунун 108-чакырымында жайгашкан. Каза болгон бала ушул мектепте окуучу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE