Пример HTML-страницы

Ысык-көлдүк З.Адигинеева мамлекеттен алган 100 миң сом жөлөк пулга кичи бизнесин түптөдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Шапак айылынын 39 жаштагы тургуну Замира Адигинеева 5 баланын энеси. Ал кыялдарын ишке ашырып, жакшы жашоого бет алганын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Жолдошум экөөбүз баш кошкондон кийин Бишкектеги кичи цехтерде чүчпара түйүп иштеп жүрдүм. Кийинчерээк ашкана да ачтык. Шаарда үй болбогондон кийин жашоо оңой эмес болгондуктан айылга көчүп келдик. Айылда жумушсуздук биринчи орунда турат да. Жолдошум ижарага трактор алып, иштеп жүрдү. Күнүмдүк талаа жумуштарына да иштедик, кышкысын жумушсуз калабыз. Балдарым үчүн жөлөк пул алам, ошону менен айдан айга жашап жаттык. Балдар чоңойгон сайын муктаждык да көбөйөт экен», — деди ал.

Замира айым жакшы жашоого бет алуу үчүн кыялын ишке ашырууда.

«Өкмөттүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 100 миң сом жөлөк пул берүү ишине катыштым. Мен кыялымдагы долбоорду жазып бардым, натыйжада колдоо тапты. Берилген каражатка муздаткыч жана эт туурагыч алдык. Үй шартында пельмен түйүп, айылдагы каалоочуларга сатып жатабыз. Ишти кеңейтүү үчүн жолдошум жана балам үчөөбүз күзүндө сарымсак жыйноо ишине чыгып, тапкан акчабызга жеңил унаа алдык. Аны менен коңшу Отрадное айылындагы дүкөндөргө да жолдошум чүчпара жеткирип жатат. Үйдө муздаткыч болгондон кийин базардан тоок, уй этин да алып келип койдум. Айрымдардын үйүнө күтүүсүздөн конок келсе, менден чүчпара сатып алышат. Иш баштаганы май-чайыбыз кенен болуп калды», -дейт Замира Адигинеева.

Ишкерликти түптөп жаткан каарманыбыз алдыга койгон ой-максаттары менен бөлүштү.

«Азыр чүчпараны жолдошум экөөбүз түйүп келебиз. Үйүбүзгө чакан цех ачууга жетишип, айылдагы кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылган келечекти кыялданам. Бизге мамлекет минтип жардам берип жатат. Ишкерликти айыл жергесинде колго алып, салык төлөп, биз да мамлекетке жардам кылсак, экономикабыз өсөт эле. Кандайдыр бир максатка жетүү үчүн кыялданып отура бербестен, аракеттенип, ишке ашырууга белсенүү керек», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE